• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1,5 млн. сом зыян келтирилген. Мал уурулукка шектүүлөр кармалды

30 Аяк оона 202417:18 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө жабырлануучуларга бир жарым миллион сом зыян келтирген мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 18-сентябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Салам-Алик айыл аймыгынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын сентябрь айында 4 баш малын белгисиз атуулдар уурдап кетишкендигин билдирген. Ушундай эле мазмундагы арыздар менен дагы 7 атуул кайрылышкан. Жалпы 16 баш мал уурдалган.

Аталган фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган Х.О. 2001-жылы туулган М.Ж., 2001-жылы туулган С.У., 2005-жылы туулган А.А., 2005-жылы туулган Х.А. аттуу жарандары кармалышып, камакка алынды.

Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомду түзөт. Уурдалган малдардын 9 башы ээлерине кайтарылып, калгандарын башка аймактардагы базарларга алып барып сатып жибергени маалым болгон.

Учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 230