• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

15-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Монголия менен оюн өткөрөт

14 Тогуздун айы 201911:03 Бишкек Govori.TV

Эртең, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Монголия менен оюн өткөрөт.

Беттеш Монголиянын футболдук борборунда саат 14:00дө башталат.

Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, алгачкы оюнда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадиондо өткөн.

Экинчи оюнда Мьянманын командасын өз талаасында кабыл алып, 7:0 эсебинде артта калтырган.

Кыргызстандын курамасы F тайпасына туш болгон. Ал тайпада Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япониянын курама командалары бар.

Количество просмотров: 85