• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

№15 троллейбустук каттам токтотулду

1 Кулжа 20248:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүндөн тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылды. Бул тууралуу мэрия блдирди.

Мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынды.

«Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кетти», — деп айтылат маалыматта.

№15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдар жетиштүү экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 233