Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты. Өкүмдү угууга шектүүлөрдүн жакындары, тарапташтары жана ММК өкүлдөрү катышты. Ал эми мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун апасы соттун өкүмүнөн соң ыйлап, унчукпай жүрсөк кыргыздар думана болобуз деди.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажырады.
Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга абакка кесилди.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айып салынды.
Айыпталуучулардын айрымдары жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулду.
Прокуратура Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду жана Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну суранган.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Мурдагы эки премьер-министр, энергетиктер жана мурдагы финансы министри болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен айыпталды.