• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

150дөй адам катышып, 94үн полиция кармап кеткен. Москвада мигранттардын массалык мушташы болду (видео)

13 Теке 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Москвада мигранттардын массалык мушташы болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 11-июлда Москванын Химки шаарында Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны бычакталган. Алардын жолдоштору Тажикстандыктардан өч алууну чечишип, 12-июлда саат 19:00гө жолугушууну белгилешкен. Андан кийин жаңжал чыккан тараптардын ар бирине кошумча күч келип кошулган. Бир нече адам жаракат алган, аларды тез жардам унаасы менен алып кетишкен.

Лента.ру билдиргендей, Зеленодольская көчөсүндөгү мушташка болжол менен 150 адам катышкан. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, жаңжал учурунда токтоп турган бир нече унаа жабыркаган.

Полиция мушташтын 94 катышуучусун кармаганга жетишкен, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Окуяда эки адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылганы айтылды.

Количество просмотров: 841