Кыргызстанда 30-августка карата коронавирус дагы 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 67 адам;
— Чүй облусунда 19 адам;
— Жалал-Абад облусунда 6 адам;
— Ысык-Көл облусунда 43 адам;
— Баткен облусунда 12 адам;
— Талас облусунда 4 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Ош облусунда катталган жок;
— Нарын облусунда катталган жок.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 300 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 889 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 417 киши айыгып чыкса, 2 миң 524 адам каза болду.