• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

16:00гө карата Конституция боюнча референдумга жарандардын 24 пайыздан ашыгы добуш берди

11 Чын куран 2021 17:15 Бишкек Govori.TV

Саат 16:00гө карата Конституция боюнча референдумга 888 миң 331 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, ал жалпы шайлоочулардын 24,63%ын түзөт.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте 85 миң 847, Ош шаарында 49 миң 716, Жалал-Абад облусунда 182 миң 562, Ысык-Көл облусунда 75 миң 361, Нарын облусунда 59 миң 923, Ош облусунда 189 миң 399, Талас облусунда 45 миң 476, Чүй облусунда 124 миң 661, Баткен облусунда 73 миң 477 жана чет өлкөлөрдө 1 миң 909 жаран добуш берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Количество просмотров: 74