• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

16-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

15 Үчтүн айы 202316:41 Бишкек Govori.TV

Эртең, 16-январда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;

Талас облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Нарында түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18, күндүз -3…-5 градус болот.

Количество просмотров: 13611