• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

17-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

16 Жетинин айы 2020 16:00 Бишкек Govori.TV

17-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 градус болот.

Количество просмотров: 201