Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.
17-январда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -9…-14,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3 …-5 градус төмөндөп, күндүз 4…6 градус жылыйт.