• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт

16 Үчтүн айы 202015:07 Бишкек Govori.TV

Эртең, 17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт, деп билдирет Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -7…-12

күндүз -4…+1

Талас облусунда

түнкүсүн -7…-12

күндүз 0…-5

Баткен облусунда

түнкүсүн -1…-6

күндүз -4…+1

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн -3…-8

күндүз -4…+1

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -6…-11

күндүз -2…+3

Нарын облусунда

түнкүсүн -16…-21

күндүз -5…-10

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз 0…-2 градус болот.

Количество просмотров: 16