• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

17 жаштагы кыз дайынсыз болууда

2 Тогуздун айы 202412:16 Бишкек Govori.TV


Аламүдүн районунун Ленин айылынан 17 жаштагы Анель Таалайбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

1-октябрда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жашы жете элек кызын табууга жардам сурап адамдар кайрылышкан. Алардын айтымында, 17 жаштагы Анель Таалайбекова 30-сентябрь күнү саат 22:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Анын кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз.

Белгилери: бою 170-174 сантиметр, чачы узун, күрөң түстө, көздөрү күрөң, мурду кырдач. Ал ак жемпир, кара жилет, кара шым, бутунда ак жана кара түстөгү Jordan деген ботас кийип жүргөн. Ашказанынын оң жагында 5-6 сантиметрлик тырык бар.

Милиция Анель Таалайбекованын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312363527, 0312363523, 0990855055, 0701059585 же 102 кыска номуру аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 333