• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

17жаштагы өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча иш козголду

10 Аяк оона 2019 15:18 Бишкек Govori.TV

9-сентябрда төрт өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына келип түштү.

Ал шаардык милицияда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен катталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ «Шкода Октавия» жеңил унаасынын айдоочусу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги 17 жаштагы төрт бала мүрт кетип, жети киши жабыркаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 350