• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

18:00гө карата шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 43 кайрылуу түштү

11 Чын куран 2021 19:07 Бишкек Govori.TV

Саат 18:00гө карата шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 43 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында аталган координациялык топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Шайназаровдун айтымында, кайрылуулардын үчөө админресурс, 13ү үгүт иштериндеги эрежелерди бузуу, бирөө шайлоочулардын укугун бузуу, экөө шайлоочуларды ташуу, бирөө бюллетенди сүрөткө тартуу, экөө урнанын жанында белгисиз адамдын турушу, 14ү шайлоо комиссияларынын аракетине карата, алтоо добуш сатып алуу жана бирөө башка мүнөздөгү маалымат түштү.

“Кайрылуулардын алтоосу боюнча акт түзүлдү, бирөө жоюлду, 4 маалымат такталган жок. Ички иштер органдарынын кароосуна 17 кайрылуу, аймактык шайлоо комиссиясында 13 кайрылуу каралууда”, — деди ал.

“Бишкектен 19, Чүй облусунан 6, Ош шаарынан 9, Ош облусунан 3, Нарын шаарынан бир, Жалал-Абад облусунан бир, Талас облусунан бир, Ысык-Көл облусунан 2 кайрылуу келген”, — дейт.

Количество просмотров: 75