• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

18-декабрга карата аба ырайы

18 Бештин айы 20179:01 Бишкек Govori.TV

18-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —8…-13, күндүз —3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн —5…-10, күндүз 1…6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн —4…-9, күндүз 1…6 градус жылуу болсо, Нарында түнкүсүн —16…-21, күндүз —3 градус суук болот.

 

Количество просмотров: 22