• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Миң-Өрүк–Самаркандек жолу курулууда

4 Кулжа 202617:35 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Минкаб башчысы стратегиялык маанидеги Миң-Өрүк–Самаркандек жолунун курулушун текшерди.

Миң-Өрүк–Самаркандек унаа жолунун  узундугу 3,2 чакырымды түзүп, долбоордо эстакадалык көпүрөнүн курулушу дагы каралган.

Курулуп жаткан жол азыркы пайдаланып жаткан каттамга караганда Лейлек районуна 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга 17 чакырымга кыскарат.

Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу жана көпүрөнүн таянычтарын тургузуу иштери кызуу жүрүп жатат.  

Количество просмотров: 16