• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

18 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип жаш кыз менен жигит кармалды

5 Бештин айы 201914:24 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн урушу 18 жаштагы баланын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрда ооруканага бычактан жаракат алган жаш жигит түшкөн. 2 сааттык операциядан кийин ал өзүнө келбей каза болду.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Каза болгон 2001-жылы туулган жигит Сузак районунда жашаганы аныкталды. Окуяга шектүү катары 19 жаштагы жигит жана 17 жаштагы кыз кармалды.

Количество просмотров: 92