• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Индияда учак кырсыгынан 110 адам каза болгондугу кабарланууда

12 Кулжа 202517:51 Бишкек Govori.TV

Индияда болгон учак кырсыгынан улам 110 адамдын каза болгону кабарланууда. Бул тууралуу India Today билдирүүдө.

Flightradar билдиргендей, учактын сигналы учкандан кийин 1 мүнөткө жетпей өчкөн.

Учакты 8200 саат учуу тажрыйбасы бар командир Сумит Сабхарвал жана 1100 саат учкан экинчи пилот Клайв Кундар башкарган.

Учурда кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат, аймакта айрым жолдор жабылды.

Air India компаниясынын Boeing 787 учагы Ахмедабадда абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап, дарыгерлер үчүн курулган жатаканага түшкөн. Бортто 242 адам болгон.

Количество просмотров: 186