• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

180 метрлик кудукка түшүп кеткен 2 жаштагы бала үч күндөн бери куткарыла элек

29 Тогуздун айы 20199:42 Бишкек Govori.TV

Индияда тереңдиги 180 метр болгон кудукка түшүп кеткен баланы үч күндөн бери алып чыга албай жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 25-октябрда Индиянын түштүгүндөгү Тамил Наду штатында болгон. Анда эки жаштагы Суджит Уилсон көчөдө ойноп жүрүп кокусунан кудукка түшүп кеткен. Баланын апасы өзү куткаруу максатында атайын кап тигип кудукка ыргытып, чүрпөсүн алып чыгууга аракет кылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Алгач 2 жаштагы бала 10 метр тереңдикте турган, бирок куткаруучулар кечээ бала андан да ылдыйга түшүп кеткенин айтышкан. Кудукка түшүрүлгөн камера баланын дем алып жатканын көрсөттү. Куткаруучулар кудуктун ичине атайын каражаттардын жардамы менен кислород киргизип жатышат, бирок ал баланын отурган жерине жетер-жетпеси белгисиз,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 3583