• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

19-августта күтүлгөн аба ырайы

18 Баш оона 202114:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 19-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган облустарда күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус жылуу болот.

19-августта Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° ысыйт.

19-августта Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 19…21° жылуу болот.

Количество просмотров: 164