• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

19-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

18 Бештин айы 201917:15 Бишкек Govori.TV

19-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Бишкек шаарында 19-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы ыктымал, күндүз жамгыр болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градусту түзөт.

Количество просмотров: 52