Бишкекте ИИМдин №702 аскер бөлүгүндөгү жоокер асынып алды. Бул тууралуу Govori.TVга Ички иштер министрлигиндеги ички аскер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын башчысы Азамат Оторбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ,30-январь күнү болгон. Анда 2000-жылы туулган аскер асынып алган. Маркумдун асынып турган сөөгү саат 15:45де аскер бөлүктүн аймагынан табылган.
“Учурда катталган окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Каза болгон аскер 2019-жылдын сентябрь айында чакырылган. Азырынча өлүмүнүн себеби белгисиз”,-деп билдирди Азамат Оторбаев.