• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

19 жаштагы курсантты өлтүрө сүзгөн шектүү кармалды

13 Үчтүн айы 2023 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январда болжол менен саат 07:10 чамасында айдоочу Жибек-Жолу проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Республика көчөсүнүн кесилишинен 1998-жылы туулган У.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалды.

Количество просмотров: 213