• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

19 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

21 Бугу 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда кыз ала качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү 22:00дөр чамасында милицияга радиостанция аркылуу Бишкектин Октябрь районунан эки адам 19 жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка алып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Чүй облустук милициянын инспекторлору «Сосновка» постунан түнкү саат 00:30дар чамасында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны токтотуп, ала качууга шектелген эки жигитти кармашкан. Алар кызды Талас облусуна алып кетип бара жатканы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган 26 жана 23 жаштагы жигиттер менен кыз Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Количество просмотров: 53