Кыргызстанда 27-августка карата коронавирус дагы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур:
— Бишкек шаарында 96 адам;
— Чүй облусунда 45 адам;
— Ысык-Көл облусунда 29 адам;
— Нарын облусунда 9 адам;
— Баткен облусунда 8 адам;
— Талас облусунда 5 адам;
— Ош шаарында 4 адам;
— Жалал-Абад облусунда 2 адам;
— Ош облусунда 1 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 386 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 184 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 481 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 9 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 398 киши айыгып чыкса, 2 миң 507 адам каза болду.