• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

2,1 млн сомго бааланган жер тилке мамлекетке кайтарылды

29 Жетинин айы 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук прокуратурасы Баткен шаардык мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен 0,15 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Э.У. аттуу жарандын жеке менчигине бөлүнүп берилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси боюнча прокуратура сотко доо менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.

Облустук прокуратура тарабынан Баткен шаардык мэриясына келтирилген прокурордук актынын кароонун жыйынтыгында, жалпы 2 млн 100 миң сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

Количество просмотров: 89