• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

 Жалал-Абадда Кадыржан Батыровго таандык базар мамлекетке кайтарылды

10 Бугу 2024 16:18 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Шабдалы-Зар» соода-базар комплексинин баасы 412 млн сомдон жогору бааланган.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси  Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, 1994-жылы «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровго таандык болгон. Кыргызстандын Жер кодексине ылайык, мэриянын жер тилкелерин бөлүп берүүгө укугу жок болгон, анткени мындай укукка Эл депутаттарынын шаардык совети (шаардык кеңеш) ээ болгон. Жыйынтыктап айтканда, Кадыржан Батыровго базардын жер тилкеси мыйзамсыз сатылган. Азыркы учурда базар комплекси Жалал-Абад мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кадыржан Батыров улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган. Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумганы айтылып келет.

Количество просмотров: 115