• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Шайлдабекова: №2 форма менен бир нече жолу арыз бергендер болгон

2 Тогуздун айы 2020 16:29 Бишкек Govori.TV

№2 форма алуу үчүн кайрылгандардын саны бүгүнкү күнгө карата алынган маалымат боюнча 441 миң 1010 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, №2 форма менен бир нече жолу кайрылгандар болду.

«№2 форма менен 32 миң 504 адам 2 жолу, 5 миң 810 адам 3 жолу арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Кайра-кайра арыз бергендер тизмеден чыгарылып, аягында 441 010 шайлоочу калды», — деп билдирди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 70