Ишкерди 2 млн сомго алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкер Ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүлөрүн суранган.
Бул факты боюнча тергөөнүн тапшырмасынын алкагында шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.
«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун аймагынан 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. Андан соң кармалган жаранды Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Аныкталгандай, ал тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 млн сом акча каражатын алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирген»,-деп айтылат маалыматта.
ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жаран Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы кылмыш иши КР Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлдү. Иликтөө иштери жүрүп жатат.