• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2 адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алган шектүүлөр СИЗО-1де сабалды

19 Аяк оона 2019 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алып кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де сабалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, эки шектүү камеранын ичинен сабалган. Алардын эч жери сынган эмес. Бирок алардын колдоруна гипс салынган. Шектүүлөр  учурда №47 абакка которулду.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Кылмышка шектүү ага-ини камерада ар кандай кылмыштар боюнча шектелген адамдар менен отурушат.

Количество просмотров: 7047