• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

2-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

1 Теке 201918:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Кыргызгидромет борбору чукул билдирүү таратып, узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. 3-4-июлдарда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

2-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

2-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° болот.

Количество просмотров: 12