• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

2-класс кызды унаа өлтүрө сүздү

1 Кулжа 202210:21 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда Тойота Ленд Крузер автоунаасы окуучу кызды сүзүп кетти. Бул туурасында Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча инспектору Бектемир Мамытов билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 31-май күнү саат 12:30 чамасында болгон. Анда кыз жүрүп келе жаткан унаанын алдынан чыга калган. Алган жаракаты оор болгондуктан 2014-жылы туулган М. А. ооруканада көз жумган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1326