• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

2 млн сом алды делген мэриянын бөлүм башчысы 30-ноябрга чейин камакта болот

3 Тогуздун айы 201916:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы №1 убактылуу кармоочу жайга (СИЗО) 30-ноябрга чейин камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Райондук соттун маалыматы боюнча, бөлүм башчы А.Н.нын кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды. Ошондой эле аны менен чогуу кармалган С.А. (аял киши) убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мэриянын кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 гектар жер тилкени бөлүп берүү үчүн 2 млн сом алган.

«Ошондой эле бөлүм башчы А.Н. жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди, Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми мэр Азиз Суракматов жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде кармалган кызматкер 2010-жылдан бери эл аралык кызматташтык бөлүмүндө иштегенин билдирген. Мэриянын борбордук аппаратынын протокол жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нур Айтматов экени белгилүү болду.

Количество просмотров: 41