• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

2-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

1 Аяк оона 201915:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.09.2019.Govori.TV.

2-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23 градуска чейин ысыйт.

Бишкекте 2-сентябрда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градус болот.

Количество просмотров: 261