• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

20-августта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

19 Баш оона 201917:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

20-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32°.

Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.

Количество просмотров: 13