• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

20-марттан тарта Бишкек жана Ош шаарларына чыккан бардык эл аралык каттамдар токтотулат

20 Жалган куран 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө белгилегендей, Кыргызстандын аймагында 2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дө Бишкек жана Ош шаарларына шаарларынан чыккан бардык эл аралык каттамдар токтотулат.

Жүк ташуулар, ошондой эле төмөнкү жүргүнчүлүк каттамдар гана ишке ашырылат:

  • Москва-Бишкек – жумасына 1 жолу;
  • Москва-Ош – жумасына 1 жолу;
  • Новосибирск-Бишкек – жумасына 1 жолу.

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынын жүрүшүндө калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында кабыл алынды.

Кыргызстанга учкан бардык каттамдарга жогоруда көрсөтүлгөн убакытка чейин жол берилет.

«Транспорт жана жолдор министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Мамлекеттик чек ара кызматына жана «Манас» Эл аралык аэропортуна 2020-жылдын 20- мартынан тартып, Кыргызстандын эл аралык аэропортторуна келген аба учактардын экипажын тейлөө алгоритминин долбоорун бекитүү тапшырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Республикалык штаб бул кабыл алынган убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Количество просмотров: 227