• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

«20 миң сом пара алды» деп айыпталган жактоочу Адилет Мамбетказиевдин иши каралды

13 Бугу 2019 18:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Соттук отурумда жалпы 50 жактоочу катышып, айыпталуучу А.Мамбетказиевди жактап 11 жактоочу иш алып барды.

Андан тышкары КРнын баш мыйзамына ылайык, УКМК козгогон кылмыш ишинде жактоочуларга карата мыйзам бузгандыгын белгилешип, кесиптешин үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Айыпталуучу А. Мамбетказиев акыркы сөзүндө «Мен бул ишке аралашкандан бери көптөгөн мыйзам бузууларга дуушар болдум, юрист катары соттук ишти жакшы түшүнөм андыктан баардык үмүтүм силерде», — деп соттук отурумга кайрылуу жасагандан соң сот чечимин 14-май күнү саат 11:00до чыгараарын айтты.

Ал эми соттук отурумга видео камера менен кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Белгилей кетсек, А. Мамбетказиев 2019-жылдын 29-апрелинде 20 миң сом пара алган деп айыпталып, Октябрь райондук сотунун чечими менен шаардагы биринчи абакка киргизилген.

Количество просмотров: 12