20-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2…+3°;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7°, күндүз -1…+4°;
Таласта түнкүсүн -4…-9°, күндүз -4…+1°;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°;
Нарында түнкүсүн -21…-26°, күндүз -12…-17°;
20-январда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Борбордо абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1 градусту түзөт.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° градус болот.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.