• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

200, 500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңы сериясы чыкты (сүрөт)

28 Чын куран 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-майдан тартып 200, 500 жана 1000 сомдук номиналындагы банкноттордун 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы сериядагы банкноттор улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат.

“Аталган банкноттор жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турат. Андагы Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруусу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү дагы өзгөрүүсүз калды”, — дейт ал.

Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын жетекчиси Медина Аширалиева банкноттор үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринен турарын белгилеп өттү.

“Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. Банкноттордо ошондой эле көзү азиз жана көрүүсү начар адамдар үчүн тактилдик белгилери болот”, — деди ал.

Аширалиева аталган банкнотторду франциялык жана америка-шведдик компания чыгарарын кошумчалады.

2023-жылдагы үлгүдөгү 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери:

  1. Суу белгиси: ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.
  2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт. Анда сандын номиналы жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт.
  3. Бири-бирине дал келген сүрөт: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
  4. Банкнотту кол менен кармап көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот.
  5. Көмүскө сүрөт: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси – С пайда болот.
  6. Түстөрдүн өзгөрүшү – банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.
  7. Жалтырак түс (арткы бетинде) – банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.
Количество просмотров: 182