• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«200 сомго бала сатылат». Окуучунун тамашасы деген билдирүү коомчулуктун талкуусуна алынды

21 Үчтүн айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

18-январда кулактандыруулар жайгаштырылган сайтта жаш баланын сүрөтү менен “кулчулукка бала сатам” деген билдирүү тараган. Жайгаштырылган билдирүүдө баасы катары 200 сом деп жазылып, анын автору катары “акакей” деген көрсөтүлгөн.

Билдирүүдө номер көрсөтүлгөн, бирок ал маалым каттарга жооп бербей жатканы айтылган эле.

В сервисе объявлений в Бишкеке продают ребенка

Кулактандыруулар жайгаштырылган Lalafo сервиси бул маалыматка көңүл бурулуп, аны жашгаштырган автор менен байланышууга аракеттер көрүлүп жатканын билдиришкен.

Кийинчерээк жогорудагы билдирүү сервистен алынганын аталган сайттан кабарлашты. Алардын айтымында сервистин катасынан улам бул көрүнүш коомчулукка чыгып кеткен.

«Текшерүү жүрдү, бул жагымсыз иш болду. Мектеп окуучусунун ийгиликсиз тамашасы талкуу жаратып, көпчүлүктүк талкуусуна алынды. Мындан ары мындай каталардын кетпөөсүнө багыттап иш алып барабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бишкек ШИИББ факты боюнча териштирүү иштери башталганын маалымдады.

Количество просмотров: 67