Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын өтүп жатат. Анда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев, 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 135 миллиард 504 миллион сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылганын билдирди.
«2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ички дүӊ өндүрүшүнүн өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болду. Экономиканын анык өсүшү да 3,5 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн. Отчеттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 миллиард 736 миллион сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 миллиард 551 миллион сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды», — деди Токтошев.
Жыйында 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын жана 2022-жылга чейинки бюджеттин болжолун талкуулашууда.