• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

2018-жылы ымыркайларды сатуу боюнча 10 кылмыш иши козголгон

17 Чын куран 2019 11:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

2018-жылы жалпысынан ымыркай балдарды сатуу боюнча 10 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында СДПК партиясынын депутаты Карамат Орозованын берген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө козголгон иштердин негизинде тергөө амалы жүргүзүлүп, соттун карамагынына жөнөтүлөн. Иштердин ичинен бир адам боюнча кылмыш иши козголуп 4 жыл эркинен ажыратуу боюнча айыптуу өкүм чыгарылган»,- деди Жамшитов.

Эске салсак, бүгүн Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдагы иш тууралуу отчет берүүдө.

Количество просмотров: 6