• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эмне үчүн Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эркиндикте жүрөт? Бул суроого баш прокурор жооп бере албады

30 Бугу 2018 11:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV

Бүгүн ЖКдагы Башкы прокурордун отчету учурунда,  депутат Дастан Бекешов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Кыргызстанда канча Уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) катталгандыгын сурады.

Ал эми Көзөмөлдөө органынын башчысынын билдирүүсү боюнча Кыргызстанда беш УКТ бар. Көзөмөлдө 9 миң 900дөн ашык УКТ мүчөлөрү турат. 2017 – жылы алардын 242си кармалган жана алардын ичнде 3 крим. авторитеттер бар.

Ошондой эле, Дастан Бекешовтун Камчы Көлбаев да УКТ мүчөсүбү?-деген суроосуна Баш прокурор чындыгында эле Камчы Көлбаев УКТга кирет деп жооп кайтарды.

Дастан Бекешов : “Андай болсо эмне үчүн Камчы Көлбаев эркиндикте жүрөт. Бул туура эмес да”, — деп нааразы болду. Ал эми депутаттын бул суроосуна баш прокурор жооп айта алган жок.

Мындан сырткары, Өткүрбек Жамшитов кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатканын белгилей кетти.

“ Эмне үчүн Азис Батукаев азыркыга чейин өткөрүлүп берилбеди? Ал качып кеткен эмеспи. Анын бошотулушуна жогорку даражадагы чиновниктердин да тиешеси бар эмеспи. Алардын ичинен кимиси жоопко тартылды?” – деп сурады Дастан Бекешов.

Депутаттын бул суроосуна Өткүрбек Жамшитов Азис Батукаевти азыр экстрадициялоо мүмкүн эмес экенин, ал Чеченстанда жети жылга кесилип, азыр жаза өтөп жатканын жана иликтөө иштери боюнча, бирөөнү жоопко тартуудан мурда Батукаевтин өзүнөн көрсөтмө алуу зарыл”, — экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 31