• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Баш прокурордун атын жамынгандар аныкталды. Кыргызстан Түркияга гумжардам чогултууда

7 Бирдин айы 2023 18:18 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ГУМЖАРДАМ ЧОГУЛТУЛУУДА

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун билдирди. Анда үй-жайсыз калгандарга керектүү, суукка ыңгайлуу кийим-кечелер жана чатыр, жууркан-төшөк, керебет өңдүү буюм-тайымдар жаңы болуп, жылтырык баштыктарга салынышы керектиги белгиленген. Андан сырткары көп убакытка сакталчу тамак-аштар дагы кабыл алынары жазылган.

Ошондой эле акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсептер ачылды.

Буга чейин социалдык тармактарга Түркияда катуу жер титирөөдө жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп жаткан.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган.

БАШ ПРОКУРОРДУН АТЫН ЖАМЫНГАНДАР КАРМАЛДЫ

Башкы прокурор менен соттордун атып жамынып алдамчылык менен алектенгендер кармалды. Башкы көзөмөл органын  маалыматына ылайык, Башкы прокуратура келип түшкөн кайрылуунун негизинде текшерүү жүргүзгөн. Кайрылууда айрым жарандар башкы прокурор менен сотторго материалдык сый акы берүү жолу менен Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан кайрылуу ээсине таандык жер тилкесин алдамчылык жолу менен тартып алууга аракеттенип жатышкандыгы тууралуу жазган.

Текшерүүдө эки жаран алдоо жолу аркылуу Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен сүйлөшүлдү – деп адамдардын ишеничине кирип, Жогорку сотто каралып бүткөн жер маселеси боюнча жарандык ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышына көмөк көрсөтүп берүү үчүн 7 600 АКШ долларын алышкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда шектүү катары 2 адам кармалып, сот 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө иштери уланууда. Башкы прокуратура жарандардан мыйзамсыз аракеттерде прокуратура органдарынын жетекчилеринин атын жамынуу фактылары орун алса маалымдоону өтүнөт.

АНЫК ЭМЕС МААЛЫМАТТАН КОРГОО МЫЙЗАМЫ ТАЛКУУДА

Бишкекте «ЖМКга жана сөз эркиндигине басым жасоо: «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушу» аталышындагы тегерек стол өттү. Анда сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы талкууланды. Жогорку Кеңештин жети депутаты анык эмес маалыматтар тууралуу чуулгандуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышкан. Алардын бири Жанар Акаев бул долбоор бийликтин каалаган сайтты жаап салуу аракетин татаалдаштыра турганын айтып өттү. Депутаттар, эл аралык уюмдардын, жарандык жана эксперттик коомдун өкүлдөрү катышкан жыйында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу талабы айтылды.

ЭКОЛОГИЯ МАСЕЛЕСИН ДЕПУТАТТАР ТАЛКУУЛАДЫ

Бүгүн,7-февралда Жогорку Кеңеште «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын демилгеси менен “Бишкектин экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоол болууда?” аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик-муниципалдык органдардын, архитектура кызматтарынын, эл аралык экологиялык уюмдардын, жарандык жана эксперттик коомдордун өкүлдөрү катышты.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып, «Дженго» каймана аты менен таанымал К. Досоновдун  уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышты. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кармалгандарга Ош шаардык сотунун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда. Ошондой эле, КР УКМК, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат»,-деп айтылат маалыматта. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 261