• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди

15 Чын куран 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган документти кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.

Количество просмотров: 96