• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

2022-жылы канча адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган?

11 апреля 2023 в 15:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 8 миң 225 аял жана 290 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле 210 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Жогорку Кенештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан прокуратура органдары тарабынан 980 зомбулук фактысы катталган. 8 миң 725 күзөт ордери берилип, 190у узартылган.

“Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 181 прокурордук акт түзүлүп, 82 кылмыш иши козголгон. 63 факт жоюлуп, 36 факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, — деди ал.

Количество просмотров: 60