Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга чейин чыгарылган эски дизайндагы акциздик маркаларды жок кылганын билдирди.
Маркалар атайын мешке жагылып, өрттөлдү. Бул процесс атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын катышуусунда жүргүзүлдү.
Салык кызматы КР мыйзамдарына ылайык, республиканын аймагында 2023-жылы жана андан мурда чыгарылган алкоголдук продукциялар үчүн акциздик маркаларды колдонууга тыюу салынганын билдирди. Муну менен бирге алкоголдук продукцияларды ташуучулар менен өндүрүүчүлөрдү эски акциздик маркаларды жаңысына алмаштырууга милдеттендирди.
Эске салсак, УКМК акциздик маркаларга байланыштуу ири коррупциялык схеманы таап, ал боюнча мамлекетке келтирилген зыян 3,2 млрд сом экенин билдирген. Бул иш боюнча учурда Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев камакка алынган.