• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

21-августта күтүлгөн аба ырайы

20 Баш оона 2021 15:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 21-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус ысык болот.

21-августта Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: түнкүсүн 15…17°, күндүз 31…33° ысыйт.

21-августта Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Количество просмотров: 281