Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Кытайда балык саткан соодагер көп жылдан бери чогулткан тыйынына квартира сатып алды. Бул маалыматты “Синьхуа” агенттиги кабарлады.
Квартираны сатып алуу үчүн балык саткан адам ар бири 19 литрден турган 20 бөтөлкөгө салынган тыйындарды банкка жүктөп келген. Ал эми банктын 26 кызматкери тыйындарды 4 саат аралыгында араңдан зорго эсептеп бүтүшкөн.
Белгилей кетсек, балык сатуучу 21,8 миң долларды 10 жыл бою чогулткан.