Бүгүн, 28-августка карата республика боюнча дагы 215 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкекте 66 адам;
— Чүй облусунда 53 адам;
— Ысык-Көл облусунда 38 адам;
— Жалал-Абад облусунда 22 адам;
— Талас облусунда 14 адам;
— Баткен облусунда 13 адам;
— Нарын облусунда 4 адам;
— Ош облусунда 3 адам;
— Ош шаарында 2 бейтап катталды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 371 адам илдеттен сакайып чыккан.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 169 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 333 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 224 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 168 миң 769 киши айыгып чыкса, 2 миң 513 адам каза болду.